leilek.kg
Платформанын
катышуучусунун
каттоо формасы
» » КУЛАКТАНДЫРУУ! ACTED уюму Ак-Сууда 8 чакан бизнести колдоого конкурс жарыялайт
14
июль
2017
0

КУЛАКТАНДЫРУУ! ACTED уюму Ак-Сууда 8 чакан бизнести колдоого конкурс жарыялайт

КУЛАКТАНДЫРУУ!

Европа Биримдигинин каржылоосунда “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо механизми” долбоору Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, АКТЕД, “Инсан-Лейлек” жана “Билек” уюмдары тарабынан ишке ашырылууда.

 

Аталган долбоордун алкагында Лейлек районунун Ак-Суу айылдык аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүүгө колдоо көрсөтүү максатында аталган аймактын айылдарында жашаган тургундарга чакан бизнести колдоо каралган.

 

АКТЕД уюму Ак-Суу айылдык аймактын юридикалык жактар, кооператив жана жеке ишкерлердин арасында 8 (сегиз) чакан бизнести колдоо боюнча бизнес-долбоорлорду сунуштоо конкурсун жарыялайт. 

 

Бизнес-долбоорлор төмөнкү критерийлер менен тандалып алынат:

 

Бизнес долбоор жөндөмдүү идеяга негизделген болушу керек.

Долбоордон пайда алуучулардын жана пайдалануучулардын саны.

Өздүк салымды (материалдык, ж.б.) көрсөтүү керек.

Долбоордун туруктуулугу, өз алдынча иштеп кетүүсү (кеңейүүсү).

Айылдын экономикалык абалына оң таасир этүүсү ж.б.

 

ACTED тарабынан ар бир чакан бизнеске 700 евро каралган. Каралган акча накталай түрдө берилбейт, керектүү материал жабдыктарды ACTED өзүнүн сатып алуу процедурасы менен алып берет. Ал эми долбоорду сунуштоочу тарабынан 300 евро өздук салым кошуусу керек. Өздук салым акчалай түрдө болушу, же  алынган материалдардын тастыктоочу документтери (счет фактура, квитанция, патент, страховой полис) болушу зарыл.

Бизнес долбоордун сунуштоо формасын Ак-Суу Айылдык аймактан, айыл башчылардан жана долбоордун кеңсесинен алууга болот.

chakan-biznesti-koldoo-dolboor-sunushunun-formasy.pdf [318,06 Kb] (cкачиваний: 10)

Посмотреть онлайн файл: chakan-biznesti-koldoo-dolboor-sunushunun-formasy.pdf

Долбоорлорду сунуштоо мөөнөтү: 27 июль 2017 жыл 16:30га чейин конвертке салып жабык турдө сырткы бетине “Ак-Суу айыл аймагында чакан бизнести колдоо” деп аты жөнүнүздү жазып тапшырыныз.

Долбоордун кеңсесинин дареги: Исфана шаары, Манас-Ата көчөсү, 1 (болжол: райондук ЗАГСтын маңдайында)

Бардык суроолор, маалыматтар үчүн биздин долбоордун кеңсесине иш убактысында кайрылууга болот.


Абдираимов Таалайбек – 0772 648 492 (долбоордун менеджери). Сапаров Данияр – 0770 701 042 (ACTED уюмунун Баткендеги менеджери). Атаев Нодир – 0770 701 092 (ACTED уюмунун долбоордун ассистенти).

скачать dle 11.1смотреть фильмы бесплатно
Пикир калтыруу
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
©2016, Баткен облустунун Лейлек районунун БӨУнын Онлайн платформасы
Бардык укуктар корголгон