leilek.kg
Платформанын
катышуучусунун
каттоо формасы
» » Сумбулада күнөскана куруу боюнча бизнес-долбоорлорду сунуштоо конкурсун жарыяланат
20
июль
2017
0

Сумбулада күнөскана куруу боюнча бизнес-долбоорлорду сунуштоо конкурсун жарыяланат

КУЛАКТАНДЫРУУ!


Европа Биримдигинин каржылоосунда “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо механизми” долбоору Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, АКТЕД, “Инсан-Лейлек” жана “Билек” уюмдары тарабынан ишке ашырылууда.

 

Аталган долбоордун алкагында Сумбула айылдык аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүү максатында аталган аймактын айылдарында көргөзмөлүү күнөскана куруу каралган.

 

Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы Сумбула айылдык аймактын фермерлер, юридикалык жактар, кооператив жана жеке ишкерлердин арасында күнөскана куруу жана жашылчаларды өстүрүү боюнча бизнес-долбоорлорду сунуштоо конкурсун жарыялайт. 

 

Бизнес-долбоорлор төмөнкү критерийлер менен тандалып алынат:

 

Бизнес долбоор күнөскана куруу, жашылчаларды өстүрүп жана андан киреше алууга багытталуусу зарыл

Долбоордон пайда алуучулардын жана пайдалануучулардын саны

Өздүк салымы (акчалай, материалдык, ж.б.) – 750 евро болушу абзел

Долбоордун туруктуулугу, өз алдынча иштеп кетүүсү (кеңейүүсү)

Айылдын экономикалык абалына таасир этүүсү ж.б.

 

Баткен Айылдык Кеңеш Кызматын колдоочу долбоор тарабынан 1 750 евро салым кошуусу каралат.

Бизнес долбоордун сунуштоо формасын Сумбула айылдык аймактан, айыл башчылардан жана долбоордун кеңсесинен алууга болот.

Келип түшкөн долбоорлорду гранттык комиссия карап чыгат жана жыйынтык чыгарат. Гранттык комиссия Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, өнөктөштөр жана Сумбула айылдык аймактын өкүлдөрүнөн турат.

 

Долбоорлор сунуштоо конвертте 2017 жылдын 07 августуна чейин долбоордун кеңсесинде кабыл алынат.

 

Долбоордун кеңсесинин дареги: Исфана шаары, Манас-Ата көчөсү, 1 (болжол: райондук ЗАГСтын маңдайында)

Бардык суроолор, маалыматтар үчүн биздин долбоордун кеңсесинен иш убактысында кайрылууга болот.

Абдираимов Таалайбек – 0772 648492 (долбоордун менеджери)

Рахманов Алмаз – 0776 950193 (долбоордун техникалык адиси)

скачать dle 11.1смотреть фильмы бесплатно
Пикир калтыруу
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
©2016, Баткен облустунун Лейлек районунун БӨУнын Онлайн платформасы
Бардык укуктар корголгон