Мал союучу жай куруу жана иштетүү боюнча бизнес-долбоорлор конкурсу
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Европа Биримдигинин каржылоосунда “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо механизми” долбоору Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, АКТЕД, “Инсан-Лейлек” жана “Билек” уюмдары тарабынан ишке ашырылууда.
Аталган долбоордун алкагында Лейлек районунун Cумбула айылдык аймагынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүүгө колдоо көрсөтүү максатында Сумбула айыл аймагында мал союучу жайды (убойный цех) куруу каралган.
Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы Сумбула айылдык аймактын юридикалык жактар, кооператив жана жеке ишкерлердин арасында мал союучу жайды (убойный цех) куруу жана иш алып баруу боюнча бизнес-долбоорлорду сунуштоо конкурсун жарыялайт.
Бизнес-долбоорлор төмөнкү критерийлер менен тандалып алынат:
Бизнес долбоор ири жана майда жандыктарды союууга багытталуусу зарыл
Долбоордон пайда алуучулардын жана пайдалануучулардын саны
Өздүк салымы (акчалай, материалдык, ж.б.) – 2 610 евро болушу абзел
Долбоордун туруктуулугу, өз алдынча иштеп кетүүсү (кеңейүүсү)
Ветеринардык-санитардык абалына дал келүүсү
Шаардын жана райондун экономикалык абалына оң таасир этүүсү ж.б.
Баткен Айылдык Кеңеш Кызматтын колдоочу долбоор тарабынан 6 090 евро салым кошуусу каралган.
Бизнес долбоордун сунуштоо формасын Сумбула айылдык аймактан жана долбоордун кеңсесинен алууга болот.
Келип түшкөн долбоорлорду гранттык комиссия карап чыгат жана жыйынтык чыгарат. Гранттык комиссия Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, өнөктөштөр жана Сумбула айыл аймактын өкүлдөрүнөн турат.
Сунуштар 2017 жылдын 07 августуна чейин долбоордун кеңсесинде кабыл алынат.
Долбоордун кеңсесинин дареги: Исфана шаары, Манас-Ата көчөсү, 1 (болжол: райондук ЗАГСтын маңдайында)
Бардык суроолор, маалыматтар үчүн биздин долбоордун кеңсесинен иш убактысында кайрылууга болот.
Абдираимов Таалайбек – 0772 648492 (долбоордун менеджери)
Абдуллаев Убайдулла – 0778 075431 (долбоордун техникалык адиси)