Лейлектин жергиликтуу кызматкерлери Ошко тажрыйба алмашууга барышты
«Активист» коомдук бирикмеси 2017-жылдын май айынан тарта ЮСАИД жана DFID уюмдарынын колдоосунда, ошондой эле Биргелешип Башкаруу Программасынын жетекчилигинде «Лейлек районунда үй- бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана басаңдатуу иштерине колдоо көрсөтүү” аттуу проектини ишке ашырууда. Проектинин алкагында 18-19-июль кундору уй-булолук зомбулукту кыскартуу жана гендердик тенчилик боюнча жергиликтуу механизмдерди мыкты ишке ашырган Ош областындагы Мады айыл окмотуно тажрыйба алмашуу максатында Лейлек районундагы Сумбула, Ак-Суу жана Тогуз-Булак айыл аймактарынын башчылары, айылдык Кенештердин торагалары жана коомдук алдын алуу борборлорунун мучолору менен иш сапарын уюштуруп, барып келишти.
Иш сапар мыкты денгээлде откорулду. Аталган иш-чарага ЮСАИД уюмунун окулу Махабат Алымкулова, Биргелешип башкаруу Программасынын мониторинг, баалоо жана гендердик маселелер боюнча окулу Нургул Алыбаева катышты.
Алгач катышуучулар “Демилгелуу, ишкер аялдар” (ДИА) коомдук фондунун офисинде болушуп, аталган уюмдун жумуштары, долбоордук тажрыйбалары менен таанышышты. Ишке ашкан долбоорлор, ийгиликтери тууралуу уюмдун жетекчиси Авазкан Ормонова жана анын командасы терен айтып беришти. Ошондой эле уй-булолук зомбулук жана гендердик тенчилик жаатындагы ийгиликтерин болушушту. Жергиликтуу бийлик органдары бул маселеде эн чечуучу ролдо турушаарын баса белгилеп, бул жаатта жаныдан кабыл алынган “Уй-булолук зомбулуктан сактоо жана коргоо жонундо” мыйзамга токтолуп, урунттуу жерлеринен мисалдарды келтирди. Ошондой эле Авазкан Ормонова жергиликтуу механизм иштеп чыгууда кучтуу жумушчу топ болуш керектигин баса белгиледи.

Иш-чаранын 2-болугу Кара-Суу районундагы Мады айыл окмотундо улантылды. Айыл окмот башчысы Жамшит Матанбаев, айылдык Кенештин торагасы Сапар Асанов, депутаттар, соцадистер уй-булолук зомбулук жана гендердик тенчилик жаатында болуп жаткан жумуштарды негиздеп, тажрыйбаларын айтып беришти. Суроо-жооп уюштурулуп, коноктор коп суроолоруна жоопторду алышты.
Лейлектен барган жергиликтуу бийлик окулдору уй-булолук зомбулук боюнча айыл окмоттун денгээлинде жергиликтуу механизм иштеп чыкса боло тургандыгына кубо болушту. Алар оз созундо бул тажрыйбаны озубуздун айыл окмоттун денгээлинде да сынап корсок болгудай деп белгилешти.
Андан кийин коомдук алдын алуу борборуна барышып, алардын жумуштары менен жеринен терен таанышып кайтышты.