27
октябрь
2017
Малдарды жасалма жолдор аркылуу уруктандыруу борбору ачылды
ЕвропаБиримдиги тарабынан каржыланган “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктууөнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо механизми” долбоордун алкагында Исфанашаарында малдарды жасалма жолдор аркылуу уруктандыруу борборду куруу каралган.





25 октябрь күнү ошол борбордун ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул борбордун иштөө максаты Лейлек районунда малдардын асылдуулугун жакшыртуу жана мал чарбачылык тармагында чоң жетишкендиктерге жетүү болуп эсептелет.

Бул иш чарада Лейлек райондук администрациясынын башчысы, райондун акими Бекмуратов Б.А., райондук агрардык департаментинин өкүлдөрү, райондук ветеринария башкармалыгынын өкүлдөрү, ветеринардык сервистин адистери жана долбоордун партнерлору катышышты.

Аталган борбордун иштерин жүргүзүүгө жаш ветеринар адис Набиев Медербек иш алып барат.
