Табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу
«ACTED - Кыргызстан» - Франциянын өкмөттүк эмес гуманитардык уюмунун өкүлчүлүгү - Кыргызстанда 2005-жылдан бери өзүнүн долбоорлорун ишке ашырууда.
ACTEDтин максаты: Кыргызстандын түштүгүндөгү алыс жана алсыз, мүмкүнчүлүгү аз болгон аймактарда социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу аркылуу экономикалык чөйрөнү жана жараандык коомду өнүктүрүү.
Долбоорлордун дагы бир бир багыты болуп Кыргызстан жана Тажикистандын чекарасында жайгашкан дарыя суу бассейиндерин камтыган өрөөндөрдө табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтууну жөнгө салууда жергиликтүү иш аракеттерин колдоо болот.
Ушул багыт боюнча Ак-Суу жана Козу-Баглан суу бассейндериндеги айылдарда көп иш аракеттер аткарылып жатат. ACTED эл аралык уюму бул жумуштарды Баткен облусунун Лейлек районундагы айыл аймактарда жана айылдарда 2010-жылдан бери аткарып келе жатат. Бул өткөрүлүп жаткан иш-чаралар ДИПЕКО долбоорлорунун негизинде болуп жатат. Жыл сайын уланып жаткан жумуштар да бири-бирин толуктап турган ошол иш-чаралардан болот.
Ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыгы боюнча пилоттук айылдарда төмөндөгү жетишкендиктер болду:
-Жергиликтуу жамааттарда ыктыярдуу куткаруу топтору түзүлгөн жана окутулган;
-Айылдарда өзгөчө кырдаалдарга маани берүү жана даярдануу пландары, тобокелчилик карталары иштеп чыгылган;
-Жергиликтүү жамааттарда жана мектептерде бөөдө кырсыктарга каршы күрөшүү боюнча машыгуулар (симуляциялар) аткарылган, эвакуация пландары түзүлгөн;
-Өзгөчө кырдаалдар учурунда биринчи жардам көрсөтүү, сейсмикалык туруктуу курулуштар жөнүндө жана ыктыярдуу өрт-куткаруу топторун даярдоо программаларынын негизинде тренингдер өткөрүлгөн;
-Айыл жашоочуларынын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтуулугу жогорулаган (жергиликтүү жашоочулардын арасында өзгөчө кырдаалдар боюнча маалыматтык материалдар таратылган, брошюралар иштеп чыгылган, массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн жана телекөрсөтүүлөр берилген;
-Митигациялык (практикалык) жана өз алдынча долбоорлор уюштурулган;
-Өзгөчө кырдаалдар боюнча КРнын ӨКМ жана ТР ӨКК ортосунда трансчекара окутуулары өткөрүлгөн ж.б. жумуштар.
Долбоорлордун иш аракеттеринин негизги багыттары (ДИПЕКО):
-Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо;
-Ар бир пилоттук айылда Ыктыярдуу өрт-куткаруу топторун түзүү жана окутуу;
-Айылдардын жана айылдагы мектептердин денгээлинде бөөдө ырсыктардын алдын алуу, аларга каршы күрөшүү боюнча иш пландарды иштеп чыгуу;
-Пропагандалоо жана бөөдө кырсыктар жөнүндө маалыматтуулукту жогорулатуу;
-Өзгөчө кырдаалдар боюнча визуалдуу-маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу, алардын алдын алуу методдору, кесепеттерин жоюу жолдорун үйрөтүү жөнүндө жашоочулар арасында маалыматтарды таратуу;
-Жапа чеккендерге биринчи жардам берүү боюнча тренингдерин уюштуруу жана өткөрүү;
-Айылдарда жана айыл мектептеринде өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана алардын болгон учурундагы иш чаралар боюнча машыгууларды (симуляцияларды) уюштуруу жана өткөрүү;
-Жергиликтүү жамааттардын денгээлинде Айыл аймагынын Өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча жана жогору турган башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруу боюнча иш аракеттерди уюштуруу;
-Ыктыярдуу өрт-куткаруу топторунун мүчөлөрүнүн иш жүзүндө кабарлоо маселелерин иштеп чыгуу иштерин уюштуруу жана өткөрүү;
-Өзгөчө кырдаал мезгилинде жашоочулардын бөөдө кырсык болуп жаткан зонадан (чектен) эвакуация болушу, бир бирине көмөк көрсөтүүсү, ошондой эле, биринчи жардам берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.