leilek.kg
Платформанын
катышуучусунун
каттоо формасы
» » “Искусство жана спорт тынчтык үчүн” программасы СТАРТ алды.
22
январь
2017
0

“Искусство жана спорт тынчтык үчүн” программасы СТАРТ алды.

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Исфана шаарында “Искусство жана спорт тынчтык үчүн” программасыСТАРТ алды. Аталган программанын презентациялоо иш-чарасы мектеп администрациялары,мэрия, милиция, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин өкүлдөрү жана активдүү жаштар катышуусунда болуп өттү.

“Искусство жана спорт тынчтык үчүн” программасынын негизги максаттары: Исфана шаарынын Ю.Гагарин, Исфана, А.Наваи жана Ысык-көл орто мектептеринин арасында кызматташтыкты күчөтүүгө, окуучулар арасында достук жана ынтымактыкты бекемдөөгө жана толеранттуулук маданиятын жайылтууга салым кошуу болуп эсептелинет.


Аталган программанын ишмердүүлүгүнө баардык жогорудааталган мектептерден 40ден ашуун окуучулар катышуусу пландаштырылган жана январь-май айлары аралыгында тандалып алынган окуучулар үчүн 27 жолу искусство жана спортко багытталган тренингтер, мастер-класстар, экскурсиялар, спорттук иш-чаралар, акциялар жана театралдык сахналар өткөрүлмөкчү. Бул иш-чаралар көп улуттардын маданиятын, каада салтын, улуттук спорт оюндарын да өз ичине камтыйт.

Белгилеп кетсек бул программа “Generation For Peace” (Поколение за мир. Тынчтык үчүн мууну) эл аралык уюму  колдоосу алкагында “Жаш саясатчылар клубу” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда

скачать dle 11.1смотреть фильмы бесплатно
Пикир калтыруу
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
©2016, Баткен облустунун Лейлек районунун БӨУнын Онлайн платформасы
Бардык укуктар корголгон