leilek.kg
Платформанын
катышуучусунун
каттоо формасы
» » Баткен жана Лейлек райондорунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эл менен жолугуушуларды откорду
30
январь
2017
0

Баткен жана Лейлек райондорунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эл менен жолугуушуларды откорду

2017-жылдын 17-январынан 25-январына чейин Баткен облусу менен Тажик Республикасынын чек ара аймактарында жайгашкан айылдарында Баткен облусунун, Баткен жана Лейлек райондорунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана эл менен жолугушуулар болуп өттү. Бул жолугушууларга 400дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышышты.


Жолугушуулар Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана элдин укук коргоо органдарынын чек ара аймактарында иштөөсүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, кылмыштуулукту кыскартуу жана алдын алуу ошондой эле укук коргоо органдары менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана эл менен зомбулук фактыларын азайтуу үчүн кызматташууну жана байланышты жакшыртууга көмөктөшүү максатында өткөрүлдү.

  Жолугушууларга Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын, Баткен жана Лейлек районунун Ички иштер бөлүмүнүн, максаттуу айылдардын Аймактык милициянын ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, аксакалдардын, жаштардын, аялдардын, жергиликтүү активисттердин өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуу учурунда Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн укуктары, милдеттери жана ишмердүүлүгү боюнча презентация жасалды. Ошондой эле укук коргоо органдарына элдер тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, чек ара аймактарында тынчтыкты сактоодо биргеликте иш жүргүзүү боюнча суроолор берилди. Калкты негизинен жол коопсуздугун сактоо, өздүк документтерди милиция тарабынан текшерүү, укук коргоо органдарынын аброюна шек келтирүүчү чек ара аймактарында жашаган жарандык адамдар тарабынан укук коргоо органдарынын кызматтык кийимдерин кийип жүрүүсүн азайтуу, ок атуучу куралдардын мыйзамдуу колдонуу жөнүндөгү талкуулар кызыгуу жаратты. Катышуучулар мындай маалымат жолугушууларынын маанилүүлүгү менен пайдалуулугун баса белгилөө менен катар жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелерин талкуулоочу жана аны чечүүнүн жолдорун биргеликте издөөнүн аянтчасына айланаарына ишенич артышты.  


Жолугушуунун акырында катышуучулар милициянын көчмө пунктунун ишмердүүлүгү менен практикалык жактан таанышышты. Мындай милициянын көчмө пунктунун иштөөсүнүн негизинде чек ара аймактарынын жашоочуларынын укук коргоо органдарына болгон кайрылуусу жөнөкөйлөштүрүлүп элге жакындан кызмат кыла баштаса, ал эми укук коргоо органдары үчүн укук бузууларга оперативдүү аракет кыла башташканын белгилешти.


 Эске сала кетсек, бул жолугушуулар БУУ Өнүгүү Программасынын колдоосу менен «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун Баткен Филиалы ишке ашырып жаткан «Укук коргоо органдары менен калктын ортосунда диалогду өнүктүрүү боюнча консультациялык кызматтар» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.
































































скачать dle 11.1смотреть фильмы бесплатно
Пикир калтыруу
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
©2016, Баткен облустунун Лейлек районунун БӨУнын Онлайн платформасы
Бардык укуктар корголгон