leilek.kg
Платформанын
катышуучусунун
каттоо формасы
» » Сумбула айыл аймагын 2017-2020-жылдарга карата өнүктүрүү Планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча семинар-практикум өткөрүлдү.
08
февраль
2017
0

Сумбула айыл аймагын 2017-2020-жылдарга карата өнүктүрүү Планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча семинар-практикум өткөрүлдү.

2017-жылдын 2-февралында Сумбула айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыйындар залында, Баткен областынын Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.А.Бекмуратовдун, Сумбула айылдык кенешинин депутаттарынын, айыл өкмөт башчысынын жана аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда ACTED эл аралык уюму тарабынан Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Чек арада жайгашкан жамаатардын ортосундагы пикир келишпестиктердин алдын алуу үчүн биргелешип аракеттенүү (PACT) (2-пилоттук фаза) Лейлек районундагы жамааттардын биримдикке багытталган чогуу иш аракеттери» долбоорунун алкагында Сумбула айыл аймагын 2017-2020-жылдарга карата өнүктүрүү Планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча семинар-практикум өткөрүлдү.

Бул иш чара долбоорду ишке ашыруу учурунда Сумбула айыл аймагындагы азыркы мезгилдеги абалды, өнүгүү деңгээлин ар тараптуу иликтеп чыгуунун натыйжасында, айыл аймагынын өнүгүү багыттарын жана максаттарын аныктоо үчүн чечимдерди иштеп чыгып сунуштоого багытталган.  

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин ортосундагы укуктук милдеттерди бөлүштүрүү жана чектөө жаатында жүргүзүлгөн реформалардын логикалык жыйынтыгы катары ар бир жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлик тутумунун аймакты  өнүктүрү планын иштеп чыгып кабыл алып, анын негизинде иштей билүүсү эң актуалдуу мезгил талаптарынын бири экендиги талашсыз.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга ACTED уюмунун долбоорунун кызматкерлери жана айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте даярдалган Сумбула айыл аймагын өнүктүрүү Планынын долбоору тааныштырылды.  

Аталган долбоорду талкуулоо учурунда катышуучулар тарабынан өнүктүрүү Планын айыл аймагынын бюджети менен байланышта болуусун камсыз кылуу сунушу айтылып, бул сунуш көпчүлүк тарабынан жактырылды.

Натыйжада сунушталган өнүктүрүү Планынын долбоору баардык сунуш жана толуктоолорду эске алуу менен айылдык кеңештин жакынкы сессиясында каралып, айыл аймагыны бюджети жана Лейлек районунун өнүктүрүү Планы менен дал келтирилгенден кийин колдонууга кабыл алынат.

скачать dle 11.1смотреть фильмы бесплатно
Пикир калтыруу
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Rodneydoulp
15 мая 2017 21:27
Словечки ваших прям... протравители цена
Shawntup
30 мая 2017 12:07
ЕЕеее мне нравится этот, смотрите как сделано триколор тв личный кабинет вход
©2016, Баткен облустунун Лейлек районунун БӨУнын Онлайн платформасы
Бардык укуктар корголгон