leilek.kg
Платформанын
катышуучусунун
каттоо формасы
» » Искра айылында курулган күнөскананы демонстрациялоо иш чарасы болуп өттү
08
февраль
2017
0

Искра айылында курулган күнөскананы демонстрациялоо иш чарасы болуп өттү

2017-жылдын 2-февралында Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагынын Искра айылында аталган айылдын тургуну Тойчубаев Кыдыралиге караштуу жер участкасында Сумбула айыл аймагында ACTED эл аралык уюму тарабынан Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Чек арада жайгашкан жамаатардын ортосундагы пикир келишпестиктердин алдын алуу үчүн биргелешип аракеттенүү (PACT) (2-пилоттук фаза) Лейлек районундагы жамааттардын биримдикке багытталган чогуу иш аракеттери» долбоорунун алкагында курулган күнөскананы демонстрациялоо иш чарасы болуп өттү.

Күнөскананы куруу жумуштары 2016-жылдын ноябрь айында башталып ишке ашырылган. Аталган ишмердүүлүктүн бул аймакта салыштырмалуу жаңылыгын, жергиликтүү шарттарды күнөскана иштетүүгө туура келүүсү белгисиз болгондуктан атайын кароону талап кылбаган, кароого оңой жашылчаларды (көк пияз, укроп, кашнуч ж.б.) өстүрүү тууралуу чечим кабыл алынган. Бүгүнкү күндө күнөскана аталган айыл тургуну тарабынан ийгиликтүү колдонулуп, кышкы суука карабастан өз түшүмүн берүүдө.


Сумбула айыл аймагынын экономикалык ишмердүүлүктүн борборунан алыс жайгашып, жер, суу ресурстарынын чектелүү экендигин эске ала турган болсок, жергиликтүү тургундардын жаңы ишкердик багыттарын өздөштүрүүсү жалпы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзүүгө жөндөмдүү.

скачать dle 11.1смотреть фильмы бесплатно
Пикир калтыруу
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
©2016, Баткен облустунун Лейлек районунун БӨУнын Онлайн платформасы
Бардык укуктар корголгон