Чебер аялдар кошумча нарк чынжыры тууралуу билим алышты.
2017-жылдын 14-15-февралында Баткен шаарында, 16-17-февралында Исфана шаарында Баткен областынын чебер кол аялдарына «Килем продукцияларына жана сувенирлерге нарк коюу жана кошумча нарк чынжыры» аттуу темада семинар-тренинг откорулду.
Аталган тренингди эл аралык денгээлдеги тренер Лилия Утюшева жана тренер катары коп жылдык тажрыйбага ээ Гульасель Ногойбаева алып барды.
Тренингке катышкан 68 чебер айымдар килем продукцияларына жана сувенирлерге нарк коюу, киреше жана чыгашалар калькуляциясы жана кошумча нарк чынжыры боюнча билим алышты.

Анварова Каныгуль – Лейлек районундагы Маргун айылынын тургуну, семинардын катышуучусу:
"Мурун биз лейлек килеминин баасын божомолдоо менен чыгарчуубуз. Негизгиси мында аз калган кирешеге гана канаатанып келчуубуз. Биз жасаган продукциябызды даярдоодон баштап, керектоочуго сатканга чейинки иш-аракеттерге анализ жургузчу эмеспиз. кошумча нарк чынжыры боюнча окууда продукциянын бардык кыймылдагы жол жоболорун уйрондук. Ошондой эле, лейлек килемин ондуруруудо ондуруш процессине озгочо салым кошуп жаткандыгыбызды жана маркетинг, керектоо багытын жанылоо багытына саресеп салууну уйрондук. Бул биз учун баалуу жана маанилуу болгон билим катары саналат".
Бул иш-чара "Айылдык Демилге" уюму тарабынан АКШнын КР элчилигинин алдындагы Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен «Баткен областынын чек аралаш жамааттарындагы элет аялдарынын экономикалык абалын жакшыртуу багытында чеберчилик кирешесин арттыруу» долбоорунун алкагында откорулду.