Исфана шаарынын мэри А.Д.Анарботоев МЭУ окулдору менен кенири баарлашты.
2017-жылдын 22 февралында Лейлек районундагы жарандык коомдук уюмдардын жана жааматтык типтиги уюмдардын «Лейлек KG- онугуу учун» Платформасынын 5-кенейтилген жыйыны откорулду. Аталган жыйынга Исфана шаарынын мэри А.Д.Анарботоев катышып, жарандык коомдук уюмдардын окулдору менен кенири баарлашты.

Исфана шаарынын башчысы шаардын 2017-2018-ж.ж. карата социалдык-экономикалык онугуу планын тааныштырып отту. Аталган план негизги 5 болуктон турарын белгилеген шаар башчысы, социалдык тармакка кобуроок токтолду.

Жарандык коомдук уюмдардын окулдору билдируудон сон шаардын социалдык колдоого муктаж болгон аярлуу калктын катмары маселесине озгочо басым жасады. Мындан сырткары, Лейлек районундагы МЭУ окулдору шаардын стратегиялык планын ишке ашырууга тиешелуу болгон экологиялык, комуналдык тейлоолор, таза суу жана санитардык-гигеналык маселелер боюнча кызуу талкууларды жургузду.

МЭУ окулдору которулгон маселелер жана аларды чечуу боюнча шаардык бийлик менен биргелешип иш алып баруу максатын талккулоо менен жолугушуу конструктивдуу формада отту. Аталган иш-чара Европалык Биримдиктин каржылоосу астында "Инсан-Лейлек"КФу, "Билек" КФу, Баткен АКК жана АКТЕД уюмдары менен оноктоштуктогу «Лейлек районунда жарандык коомдук уюмдарды инклюзивдик жана туруктуу өнүктүрүү үчүн колдоо механизмдери” долбоорунун алкагында откорулду.