КУЛАКТАНДЫРУУ! Исфана шаарында Бизнес-старт-ап Борборун ачуу боюнча конкурс
Баткен областындагы Лейлек районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду ,Баткен Айылдык Кызмат Кеңеши, ACTED, жана “Билек” Коомдук Фонду “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коом уюмдарын колдоо механизми” долбоорун ишке ашырууда.
Долбоордун негизги максаты – Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.
Лейлек районундагы калктын айыл чарбасында, чакан ишкердикте кирешелүүлүгүн арттыруу максатында сапаттуу окутуу жана кеңеш берүү боюнча жардам көрсөтүүдө «Инсан-Лейлек» Коомдук Фонду Лейлек районундагы мамлекеттик эмес уюмдар арасында бизнес-старт-ап Борборун ачуу боюнча конкурс жарыялайт:
- Конкурска жалаң гана коммерциялык эмес уюмдар катыша алат (Коомдук Бирикме, Коомдук Фонд, Юридикалык жактардын Ассоциасиясы, Коомдук Кайрымдуулук Фонд ж.б.).
- Коммециялык эмес уюмдун өзүнүн менчик же болбосо ижарага алган офистик имараты болуусу зарыл жана Бизнес старт-ап Борборуна эки бөлмө берүүсү керек.
- Кайрылган уюмда долбоор менен иш алып баруу тажрыйбасы болуусу шарт, мындан сырт, уюмдун өнүгүүсү жана фианасалык башкаруусу оң болууга тийиш.
- Кайрылган коммерциялык эмес уюмда сунуштама берген учурунда штаттык кызматкери болууга тийиш, анткени ал кийин бизнес старт-ап Борборунун ишмердүүлүгүн жетектейт.
- Сунуштама берүүчү тараптын салымы 1440 евро болушу шарт
Бизнес старт –ап Борборун ачуу үчүн «Инсан-Лейлек» Коомдук Фондунун салымы 3310 еврону түзөт.
Сунуштаманы толтуруу үчүн атайын форманы “Инсан-Лейлек” Коомдук Фондунун офисинен же болбосо төмөнкү электрондук дарек аркылуу алса болот: insan.leilek.bk@gmail.com
Бардык түшкөн сунуштамалар Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду , Баткен Айылдык Кызмат Кеңеши, ACTED, “жана “Лейлек –KG өнүгүү үчүн!” платформасынын өкүлдөрүнөн турган конкурстук комиссия тарабынан каралат.
Сунуштаманы 2017-жылдын 30-апрелине чейин төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Исфана шаары, Стадионная көчөсү-1 (болжол Госрегистр).
Бардык кызыккан суроолорго төмөнкү байланыш аркылуу байланышса болот:
Сагынбек кызы Сымбат – 0 771 88 78 34 ( долбоордун ассистент -логисти)