leilek.kg
Платформанын
катышуучусунун
каттоо формасы
» » КУЛАКТАНДЫРУУ! Алма сактоочу жайларды куруу боюнча конкурс
16
май
2017
0

КУЛАКТАНДЫРУУ! Алма сактоочу жайларды куруу боюнча конкурс



Европа Биримдигинин каржылоосунда “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо механизми” долбоору Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, АКТЕД, “Инсан-Лейлек” жана “Билек” уюмдары тарабынан ишке ашырылууда.

 

Аталган долбоордун алкагында Сумбула айылдык аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүү максатында аталган аймактын айылдарында алма сактоочу жайларды куруу каралган.

 

Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы Сумбула айылдык аймактын юридикалык жактар, кооператив жана жеке ишкерлердин арасында алма сактоочу жайларды куруу жана иш алып баруу боюнча бизнес-долбоорлорду сунуштоо конкурсун жарыялайт. 

 

Бизнес-долбоорлор төмөнкү критерийлер менен тандалып алынат:

 

Бизнес долбоор алма сактоого жана сатууга багытталуусу зарыл

Долбоордон пайда алуучулардын жана пайдалануучулардын саны

Өздүк салымы акчалай түрдө – 3 109 евро болушу абзел

3 фазалык электр кубаттуулукта электр линиясы болушу шарт

Долбоордун туруктуулугу, өз алдынча иштеп кетүүсү (кеңейүүсү)

Айылдын экономикалык абалына оң таасир этүүсү ж.б.

 

Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы долбоордун алкагында 7 254 евро салым кошуусу каралган.

Бизнес долбоордун формасын Сумбула Айылдык аймактан, айыл башчылардан жана долбоордун кеңсесинен алууга болот.

Келип түшкөн долбоорлорду гранттык комиссия карап чыгат жана жыйынтык чыгарат. Гранттык комиссия Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, өнөктөштөр жана Сумбула айылдык аймактын өкүлдөрүнөн турат.

 

Долбоорлорду сунуштоо 2017 жылдын 30 июнга чейин долбоордун кеңсесинде кабыл алынат.

 

Долбоордун кеңсесинин дареги: Исфана шаары, Манас-Ата көчөсү, 1 (болжол: райондук ЗАГСтын маңдайында)

Бардык суроолор, маалыматтар үчүн биздин долбоордун кеңсесинен иш убактысында кайрылууга болот.

Абдираимов Таалайбек – 0772 648492 (долбоордун менеджери)

Рахманов Алмаз – 0776 950193 (долбоордун техникалык адиси)

скачать dle 11.1смотреть фильмы бесплатно
Пикир калтыруу
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
©2016, Баткен облустунун Лейлек районунун БӨУнын Онлайн платформасы
Бардык укуктар корголгон