КУЛАКТАНДЫРУУ! Күнөскана куруу жана жашылчаларды өстүрүү боюнча конкурс.
Европа Биримдигинин каржылоосунда “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо механизми” долбоору Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, АКТЕД, “Инсан-Лейлек” жана “Билек” уюмдары тарабынан ишке ашырылууда.
Аталган долбоордун алкагында Ак-Суу айылдык аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүүгө колдоо көрсөтүү максатында аталган аймактын айылдарында көргөзмөлүү күнөскана куруу каралган.
Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы Ак-Суу айылдык аймактын фермерлер, юридикалык жактар, кооператив жана жеке ишкерлердин арасында күнөскана куруу жана жашылчаларды өстүрүү боюнча бизнес-долбоорлорду сунуштоо конкурсун жарыялайт.
Бизнес-долбоорлор төмөнкү критерийлер менен тандалып алынат:
Бизнес долбоор күнөскана куруу, жашылчаларды өстүрүп жана андан киреше алууга багытталуусу зарыл
Долбоордон пайда алуучулардын жана пайдалануучулардын саны
Өздүк салымы (акчалай, материалдык, ж.б.) – 750 евро болушу абзел
Долбоордун туруктуулугу, өз алдынча иштеп кетүүсү (кеңейүүсү)
Айылдын экономикалык абалына таасир этүүсү ж.б.
Баткен Айылдык Кеңеш Кызматын колдоочу долбоор тарабынан 1 750 евро салым кошуусу каралат.
Бизнес долбоордун сунуштоо формасын Ак-Суу Айылдык аймактан, айыл башчылардан жана долбоордун кеңсесинен алууга болот.
Келип түшкөн долбоорлорду гранттык комиссия карап чыгат жана жыйынтык чыгарат. Гранттык комиссия Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, өнөктөштөр жана Ак-Суу айылдык аймактын өкүлдөрүнөн турат.
Долбоорлор сунуштоо конвертте 2017 жылдын 30 июнуна чейин долбоордун кеңсесинде кабыл алынат.
Долбоордун кеңсесинин дареги: Исфана шаары, Манас-Ата көчөсү, 1 (болжол: райондук ЗАГСтын маңдайында)
Бардык суроолор, маалыматтар үчүн биздин долбоордун кеңсесинен иш убактысында кайрылууга болот.
Абдираимов Таалайбек – 0772 648492 (долбоордун менеджери)
Рахманов Алмаз – 0776 950193 (долбоордун техникалык адиси)