leilek.kg
Платформанын
катышуучусунун
каттоо формасы
» » КУЛАКТАНДЫРУУ! Малдарды жасалма жол менен уруктандыруу борборду куруу боюнча конкурс.
16
май
2017
0

КУЛАКТАНДЫРУУ! Малдарды жасалма жол менен уруктандыруу борборду куруу боюнча конкурс.

Европа Биримдигинин каржылоосунда “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо механизми” долбоору Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, АКТЕД, “Инсан-Лейлек” жана “Билек” уюмдары тарабынан ишке ашырылууда.

 

Аталган долбоордун алкагында Лейлек районунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүү максатында Сумбула, Ак-Суу айыл аймактарында же Исфана шаарында малдарды жасалма жолдор менен уруктандыруу борборду куруу каралган.

 

Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы аталган айыл аймактардын жана Исфана шаардык башкармалыктын, айылдык аймактардын юридикалык жактар, кооператив жана жеке ишкерлердин арасында малдарды жасалма жол менен уруктандыруу борборду куруу жана иш алып баруу боюнча бизнес-долбоорлорду сунуштоо конкурсун жарыялайт. 

 

Бизнес-долбоорлор төмөнкү критерийлер менен тандалып алынат:

 

Бизнес долбоор ири мүйүздүү малдарды жасалма жол менен уруктандырууга багытталуусу зарыл

Долбоордон пайда алуучулардын жана пайдалануучулардын саны

Өздүк салымы (акчалай, материалдык, ж.б.) – 1 950 евро болушу абзел

Долбоордун туруктуулугу, өз алдынча иштеп кетүүсү (кеңейүүсү)

Санитардык жана техникалык нормаларга дал келүүсү

Айылга, шаарга жана районго экономикалык абалына оң таасир этүүсү ж.б.

 

Баткен Айылдык Кеңеш Кызматын колдоочу долбоор тарабынан 4 550 евро салым кошуусу каралат.

Бизнес долбоордун формасын Сумбула, Ак-Суу айыл аймактардан, Исфана шаардык мэриясынан жана/же долбоордун кеңсесинен алууга болот.

Келип түшкөн долбоорлорду гранттык комиссия карап чыгат жана жыйынтык чыгарат. Гранттык комиссия Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, өнөктөштөр жана райондук администрациянын өкүлдөрүнөн турат.

 

Долбоорлорду сунуштоо 2017 жылдын 30 июнга чейин долбоордун кеңсесинде кабыл алынат.

 

Долбоордун кеңсесинин дареги: Исфана шаары, Манас-Ата көчөсү, 1 (болжол: райондук ЗАГСтын маңдайында)


Бардык суроолор, маалыматтар үчүн биздин долбоордун кеңсесинен иш убактысында кайрылууга болот.


Абдираимов Таалайбек – 0772 648492 (долбоордун менеджери)


Рахманов Алмаз – 0776 950193 (долбоордун техникалык адиси)

скачать dle 11.1смотреть фильмы бесплатно
Пикир калтыруу
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
©2016, Баткен облустунун Лейлек районунун БӨУнын Онлайн платформасы
Бардык укуктар корголгон