14
июль
2017
Ак-Суу айылында күнөскананын ичинде талаа күнү иш чарасы өткөрүлдү
Лейлек районунун Ак-Суу айылында долбоордун алкагында курулган күнөсканалардын биринде талаа күнү иш чарасы өткөрүлдү.
Бул иш-чараны Баткен Айылдык Кеңеш кызматы өткөрдү.
Талаа күндүн максаты күнөсканада помидор жана бадыраңдын өстүрүү технологиясы жана өзгөчөлүктөрү менен жергиликтүү тургундарды тааныштыруу болду. Бул иш чара Европа Биримдиги тарабынан каржыланган "Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо механизми" долбоордун алкагында өткөрүлдү.
Долбоор Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, АКТЕД, Инсан-Лейлек жана Билек уюмдары менен биргелешип ишке ашырылууда.