2017 жылынын 17 август күнү Исфана шаарында Лейлек районунундагы мамлекеттик эмес уюмдардын Жарманкеси өткөрүлөт
ПРЕСС-РЕЛИЗ
Тез арада жайылтуу үчүн:
3 август 2017-жыл
2017 жылынын 17 август күнү Исфана шаарында Лейлек районунундагы мамлекеттик эмес уюмдардын Жарманкеси өткөрүлөт
Лейлек районунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүү максатында, Европа Биримдигинин каржылоосунда “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо механизми” долбоору Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы, АКТЕД, “Инсан-Лейлек” жана “Билек” уюмдары тарабынан ишке ашырылууда
Аталган долбоор алкагында Лейлек районундагы Мамлекеттик эмес уюмдардын демилгеси менен Бейөкмөт уюмдардын жана жамааттык үлгүдөгү уюмдардын «Лейлек- KG өнүгүү үчүн!» Платформасы түзүлгѳн
Платформанын негизги максаты Лейлек районундагы коомдук уюмдардын ишкердик эффективдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу, эл аралык уюмдар, жергиликтүү органдар жана бизнес сектору менен эффективдүү кызматташуулугуна мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.
2017 жылынын 17 август күнү “Инсан-Лейлек” Коомдук Фонду Исфана шаарында Лейлек районунундагы мамлекеттик эмес уюмдардын Жарманкесин өткөрөт. Жарманке алкагында Лейлек районунда эмгектенген 20 бейѳкмѳт уюм ѳз ишкердигин кѳргѳзмѳгѳ коюп, социалдык жана экономикалык тармактарда жүргүзүлгѳн иш аракеттери жѳнүндѳ презентация жасап, аймагыздын өнүгүүсүнө кѳмѳк кѳрсѳткѳн долбоорлор жѳнүндѳ айтып беришет. Иш чарабызда 120 бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын, жарандык коом менен иштеп келген мамлекеттик органдардын, массалык маалымат каражаттадын жана бизнес сектордун өкүлдөрүн катышуусу күтүлүүдѳ.
Ѳткѳрүлүүчү жай: Исфана ш., «Салкын-Тор» рестораны
Дата: 17 август 2017ж., башталышы в 10:00-дѳ
Кошумча маалымат алуу үчүн:
тел: 0771 887 834 (Сагынбек кызы Сымбат)