Сумбулада мал соючу жай курулду
Баткен Айылдык Кеңеш Кызматы тарабынан жарыяланган мал союучу жайды (убойный цех) куруу жана иш алып баруу боюнча бизнес-долбоорлорду сунуштоо конкурсуна Искра айылынын тургуну, жеке ишкер Самандарова Мухабат тарабынан долбоордук сунуш жазылып, жыйынтыгында кыска 3 ай убакыт аралыгында заманбап мал соючу жай ишке берилди. Аталган мал соючу жайда ири жана майда жандыктарды союууга бардык шарттар тузулгон. Ошондой эле, ветеринардык-санитардык абалга толук жооп берет.

Мындай кызмат корсотуудон жалпы Сумбула айыл аймагындагы жашоочулар пайда корот. Жалпы курулушка долбоор тарабынан 6 090 евро, оздук салым катары 2 610 евро каражат болунгон.

Сумбула айыл аймагында мал союучу жайдын (убойный цех) курулушу жана ишке тушуусу айылдык аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзөт жана келечекте бул ишкана районубуздун экономикалык абалына оң таасирин тийгизери бышык.

